Москвадагы мекендештер ооруканада жаткандардын абалынан кабар алышты

Москвадагы өрттөн жаракат алып, №36-ооруканада жаткан мекендештерден кыргыз жигиттери кабар алышты. Санжар Медетов аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жаранынын SUPER.KG'ге билдиришинче, биринин абалы оор.

"Дарыгерлер бизди оорукананын ичине киргизишкен жок. Алар бизге Нурмухамед Кадыржановдун абалы жакшы, Уларбек Исраил уулунун абалы орточо, Кызбурак Калбай кызынын абалы оор экенин айтышты. Эки бала күйүк борборунда жатса, Кызбурак жандандыруу бөлүмүндө экен", - деди Медетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
mirlanpiter
2016-08-28 18:20:21
Кудай колдоп шыпаасын берип аман эсен Кыргызстанга жетишсин
+11
omka100514
2016-08-28 18:23:51
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетишсинчи ылайым
+6
incognito1
2016-08-28 18:25:26
Жакшы болуп, батыраак сакайып, жакындарынардын жанына оролгула.
+3
sherzatik
2016-08-28 18:28:54
Дагы эле жүрөк эзилип жатат ушуларды укканда. Кайран кыргыз элим мамлекеттин кайдыгерлиги кырсыкка дуушар кылып жатат. Өрт өчүрүү кызматкерлеринин кайдыгерлиги да ушул нерсеге алып келип жатат. Каза болгондорду куткарып калса болмок бирок алардын кызыктырбагандыгы болду.Сабыр кыл кыргыз калкым!
+6
Nurbubu.kg
2016-08-28 18:30:09
Аллаах шыпаасын бере корсун амиин
+5
Bolya8892
2016-08-28 18:35:01
Аллах шыпаасын берсин. Эсен аман жакындарынын кучагына барып калышсын ылайым.
+4
Boroev525
2016-08-28 19:21:49
Сабыр Сабыр Сабыр Жана Сабыр
+3
kalima88
2016-08-29 01:09:20
А Калбай кызы Кызбулактын абалы кандай экен? Тизмеде жок ко?(((((((
+2
jalalabad93
2016-08-29 01:42:26
Кыргызстанга кетеличи баарыбыз жашоо онолот бизде да биргеликте ынтымак менен жашасак (((
+2
ZANIA-92
2016-08-29 01:58:37
Боодо кырсыктан алыс болуп, аман эсен ата энелерибиздин,балдарыбыздын, тууган уруугубуздун жанына кайтып барсак экен. Мекенибизде бизди чыдамсыздык менен кутуп жаткан жакындарыбызда аман болушса экен.
0
_PeriWa_
2016-08-29 08:46:51
Иий жакшы болуп кетишсе экен байкуштар журогубуз эзилип кетти го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан