Москвада өрттөн каза болгондорду Марат Исаев баштаган мекендештер эскеришти

Москвадагы Алтуфьев шоссесиндеги өрттөн каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын бүгүн, 28-августта Марат Исаев баштаган мекендештер кырсык болгон жерге гүл коюу менен эскеришти.

17 адамдын өмүрүн алган өрттөнгөн имараттын бооруна "Бизди кечиргиле" деген жазуу менен кыргыздын улуттук баш кийими - калпактын сүрөтүн илишти. Ошондой эле "Урматтуу боордоштор, жаткан жериңер жаннатта болсун!" деген эскерүү кагазын көрүүгө болот.

"Бул иш-чарага 200дөй кыргыз катышты. Эскерүүгө Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Абдыганы Шакиров, КРнын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев да катышты. Дубалга каза болгондордун тизмеси илинип, гүлдөр коюлду", - дейт "Кыргыз биримдиги" коомунун мүчөсү Улан Кошматов.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-августта Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза болсо, алардын 14ү Кыргыз Республикасынын жарандары. Бүгүн борбор калаабыз Бишкекте да каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Москвада өрттөн каза болгон мекендештерибизди эскерүү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Alixan-Nookat.2015
2016-08-28 19:44:40
Жаткан жерлери жайлуу болсун туугандар сабыр кылыныздар!
+10
Frunze74
2016-08-28 19:54:11
Экоо 18 жашта экен, калгандары 21-45 жаш арасы экен, копчулугу уй-булолуу, бала-чакалуулар болсо керек. Ошолордун баары жокчулук, жумушсуздуктун айынан барды эле да Россияга.....
+16
imanchik
2016-08-28 20:25:40
Бизди кечиргиле деген жери жакпады (
-7
Riokyrgyz
2016-08-28 20:46:32
imanchik,бизди кечиргиле деп жигиттен айтып жатат.силерди бага албадык.дешип.
+9
Kara-balta
2016-08-28 20:35:05
Ыймандары саламат болсун,жаткан жерлери жайлуу болсун!!!
+4
KaiMak
2016-08-28 21:03:54
алмаш менин эжемдин досу болчу...
-1
sherzatik
2016-08-28 21:43:16
Өкүнүчтүү( Аллах ыраазы болсун силерден)Куткарып калууга мүмкүн болсо керек эле өрт өчүрүү кызматкерлери көңүлсүз карагандыгы үчүн каза болушту.
+1
Kanatke89
2016-08-28 21:48:32
Жаткан жери жайлуу болсун жандары жаннатан болсун Аллахым!!!
+1
Umar.
2016-08-28 22:38:51
Аллахым сабыр бер жакындарына,
Бул биз, кыргыз эли үчүн чоң жоготуулардан болду.
+2
OSHO
2016-08-28 22:47:06
Жаткан жерлери жайлуу болсун,ыймандары саламат болсун
+1
sirgak_92
2016-08-28 23:01:28
Кабыргам кайышып турат.....
+9
MARAT.OZGON
2016-08-29 01:06:01
Жаткан жерлери жайлуу болсун амин!
+1
asly
2016-08-29 16:18:23
Жаткан жерлери жайлуу болсун, Аллахым Бейиштен орун берсин аминь
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан