Москвадагы өрт: Каза болгондордун жакындарына Жогорку Кеңеш материалдык жардам берет

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москва шаарында өрт кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакындарына көңүл айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 28-августта билдирди. Төрага каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча жана бул иштин аткарылышын көзөмөлгө алууну Жогорку Кеңештин аппаратына тапшырды.

Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 3 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Калган үчөө Орусиянын жарандары. Алардын аты-жөндөрү такталды. Эртең өлкөдө каза болгондорго байланыштуу аза күтүү күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Riokyrgyz
2016-08-28 20:43:42
Super kg.Москвадагы орттон болок жанылыктарынар болбой калды го.Ункур тоону да жазгылачы.жанылыктардан кенениреек.
+1
eldar.
2016-08-28 20:49:08
Жана эле тамактанып жатканда капысынан ойго бир нерсе кылт эте тушду. 1 жумадан бери элдин баары Ункур Тоо деп ызылдап жатышкан, анан кечеги каргашалуу окуядан кийин Ункур Тоо унутулуп, элдин назары бул трагедияга бурулду.
Тушма-туш келгени бир аз кумондотуп жиберди. Бирок мынчалыка барбастыр бийлик.
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Аллахым бейишинен орун берген болсун.
+10
incognito1
2016-08-29 01:47:30
eldar., мен дагы кечээ мага бир жаман ой келди, андай болушу мумкунбу деп жон эле сурай коюп балээге калдым. Андай конечно болбой эле койсун. Бирок бийлик ыплас, аргасыз ошондой ой келет экен.(
+5
ilgis1991
2016-08-28 21:39:22
Кимди кимдин арбагы урат.Ниетти ондогулачы бай болгурлар.жаман ооздон жаман соз чыгат.
0
gul3ina
2016-08-28 22:04:12
Жамандын оюу жаман
-2
mama345
2016-08-28 22:09:49
Москва шаарынын Зеленоград шаарында шамиль уулу Рамиль аттуу жараныбыз да айыкпас эпилепсии оорусунан каза тапты уй булоосу соогун алып кеткенге москва шаарында иштеп жаткан мекендешине кайрылуу жонткон экен
+4
faysala
2016-08-29 00:11:32
Кайран Кыргызым, качанга чейин тагдырыбыздын жазганына башка бироолорду куноолоп журо берет экенбиз??? Эмнеге куноону озубуздон эмес, башкалардан издегенге конуп алганбыз?
-1
zarlyk2211
2016-08-29 02:36:33
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+2
admiral
2016-08-29 03:43:47
Баары кеч
0
Yamadina
2016-08-29 05:38:51
Түштөн кийин материалдык жардам көрсөтүп эмне кыласыңар? Андан көрө мамлекетти оңдоп, жарандарга иш таап бергениңерде азыр ошолор балким тирүү жүрмөк?!
+3
Tahmina.Musaeva
2016-08-29 08:00:45
29-август кыргыз жергесинде ''Аза кутуу куну'' деп жарыяланды.
0
gul.1995
2016-08-29 11:20:34
Жардамдын кереги жок, мекенде иштеш учун условия тузгуло. Коррупционеры и ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан