Москва шаарынын тургундары 27-августтагы басмаканадагы өрттөн каза болгондорду эскерип, көңүл айтып, Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине гүл алып келип, шам күйгүзүшүүдө. Бул тууралуу Орусиядагы КРнын элчилиги билдирди.
Ошондой эле жөнөкөй жарандар элчиликтин электрондук дарегине көңүл айтып, колдоо сөздөрүн жөнөтүшүүдө.
"Саламатсыздарбы! "Кутман күн" дебейм, анткени бул күн Кыргыз өлкөсүнөн Москвага иштегени келип, каза болгон 18 жаштагы кыздар үчүн жакшы болгон жок. Көңүл айтам, кайгыңарга ортоктошмун, маркумдардын туугандарына жана жакындарына боорум ооруп турат. Өзүм да жакындарымды жоготком. Кандай оор экенин билем. Эч нерсеге карабастан жашаш керек, төрөш керек, сүйүүгө ишеничти жоготпош керек", - деген Александр Сусленков.
"Кымбаттуу жердештер! Кыргыз элинин каза болгон кыздарына байланыштуу көңүл айтам, кайгыга ортоктошмун. Бул кайгылуу окуя өмүрлөрдү алып кетти, өмүрлөр менен бирге үмүттөрдү дагы. Бул адилетсиздик. Мындай болбошу керек", - дейт Виктор Люднов.