Өрттөн каза болгон кыргыз кыздарынын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө бүгүн алынып келинет. Бул тууралуу кечээ, 28-августта КРнын Орусиядагы элчилигинде өткөн жыйында белгилүү болду.
Жыйында элчи Болот Отунбаев жана элчиликтин кызматкерлери Кыргыз жарандарынын сөөктөрүн мекенине жиберүү үчүн тиешелүү уруксат документтери толтурулуп, коштоочу адамдардын тизмеси түзүлүп бүткөндүгүн билдиришти. Сөөктөр бүгүн, 29-августта жиберилет.
КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева атайын борт Москва-Ош-Бишкек маршруту менен учарын, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктөрдү туугандарына берүүгө көмөктөшөрүн билдирди.