Москвадагы өрт: Кайран кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз... (фото+видео)

Шордуу кыргыз, ай, шордуу кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз. Көр оокаттын айынан 14 кызын тилсиз жоого жалматып, мындай күндү Кудай башыңа салбаса не? Угуп-билгендин баары “ажалдан алып кала албадык, кечиргиле, кечиргиле, кечиргиле...” деп гана тим болушту. Улуу-кичүү дебей көзүнөн жаш агызып, кайгыга батты. 14 периште 14 үйдүн куту, 14 үйдүн кызы эле. Өзгөчө он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып бөтөн жерде, бөтөн элде көз жумган кыздардын өлүмү орду толгус чоң жоготуу болду.

14 кыз-келиндин эң эле улуусу 41 жашта болсо, кичүүсү 18ге толо элек өспүрүм кыз болду. Айрымдарынын артында 2-4 баласы бар болуп чыкты. Каза болгондордун ичинен 26 жаштагы Айчүрөк Абдумаматованын жолдошу Хусмидиндин “Эки кызыма эми эмне деп айтам?” деп мукактанып ыйлаганы мен үчүн асманды жерге таштап жибергендей туюлду. Хусмидин менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып ал гана эмес, мен да артында калган 4-5 жаштагы эки кызынын тагдырына кайгырдым, айла жок, көңүл айтып эле кала бердим.

Айрымдары күнөөнү кимге коёрун билбей башы маң болсо, айрымдары ушул окуя үчүн бийликти, чиновниктерди күнөөлөштү. Кырсыктан аман калган кыздардын бири бул ойду бекемдеди. "Буга ким жооп берет? Мунун баары өлкөбүздөгү коррупционерлердин айынан! Эгер биздин өлкөбүздө баары жайында болсо, биз бул жакка келбейт болчубуз. Биз мекенибизде жашап-иштемекпиз, минтип азап чегип жүрбөйт болчубуз!" деп зар какшады. Мына бул күн кыргыздын нагыз жүзүн көрсөтүп, көзүн ачты.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов да: "Силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле. Өз элин, өз жерин өзгөлөрдөн коргой албаган арсыз бийликтин алсыздыгын кечиргиле. Кечиргиле..." - деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Андан кийин эле депутат Өмүрбек Текебаев да көңүл айтып, улуттук экономиканын жүгүн биздин кыз-келиндер көтөрүп жүргөнүн көргөзгөнүн өзүнүн көңүл айтуусунда өзгөчө белгилеп кетти. Ошондой эле кыздардын ичиндеги аткарылбай кеткен арманын туюп: "Алар "үй-бүлөлүү болсом" деп, үй-бүлөсү барлар "балдарынын жана ата-энелеринин сүйүнүчүн көрсөк" деп тилек кылышкан. Балдары кантип биринчи жолу мектепке барганын, чоңойгонун жана үйлөнгөнүн көргүсү келишкен. Ата-энелери жана алыста калган туугандары менен жолугуп, аларды кубандыргысы келишкен", - деп эскерди. Чынында, балдарын бапестеп багып отуруп алышса болот эле, бирок андай кыла алышкан жок. Ата энесинин, бир туугандарынын алдында жаркылдап жүрүшсө, секелек кезинде көр оокаттын айынан тентибей (бөтөн жерде жүрбөй) жогорку окуу жайда окушса жарашпайт беле?..

Социалдык түйүндөрдө биринен сала бири демилге кылып жатышып, экинчи күнү Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аза күтүү уюштуруп, гүл коюп эскеришти. Москвадагы мекендештер окуя болгон басмакананын жанына чогулуп эскеришти, бирок ал жетишсиз экенин көрүп, республикалык деңгээлде аза күтүү керектигин бир дем менен демилге кылышты. Мына ушундан кийин президент Алмазбек Атамбаев 29-август күнүн аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, шаан-шөкөттөр токтотулуп, өлкө желеги бүгүн Кыргыз жеринде желбиреген жок.

Депутат Аида Салянова эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөнү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү токтото турууга чакырды. "Кайсы арыбызга майрамдайбыз?" деп чындыкты айтты. Анын сөзүн колдогондор, кодулагандар да болду. Албетте, 14 кыз-келининен айрылган кыргыз кантип майрамдап, кантип баш көтөрөт? Бирок бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында сахнанын жасалгаланып жатканы эгемендүүлүк белгиленерине далил болду.

Акындардын ырлары

Кармап алып татаал турмуш этегин,
Эх, өмүрлөр, батпы ушунча кетериң?
Эми туйдум, карындаштар, эжелер,
Менин дагы бир тууганым экенин.

Ош түнөрүп, муңайгандыр көл чети,
Түштү тагдыр тыйынынын сол бети.
Он жети миң урпак болуп көбөймөк,
Он жети эне. Он жети аалам. Он жети...

Улукбек Омокеев, жаш акын.

Калаа барбы кыргыз буту баспаган?
Кана, барбы кыргыз санаа тартпаган?
Өз элинен жылына албай бакытка,
Өрткө кетти канчалаган жаш балаң.
Кыз-уулуңду бага албаган мекенде,
Кыргызмын деп кайсы арыма мактанам?!

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын.

Каза болгондордун аты-жөнү:

1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынан;
2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин шаарынан;
3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айылынан;
4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Ноокен районунун Курулуш айылынан;
7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынан;
9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан;
10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынан;
12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан;
13. Алабердиева Кыял Дөөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ак-Суу районундагы Челпек айылынан;
14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынан.

Москвадагы өрт: Эрте кеткен турналар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
papanstan
2016-08-29 16:52:39
Эмнегедир орустар конул Айтып коюшпады странно.
+6
Palan4a
2016-08-29 17:41:23
papanstan,айтышып эле жатышат соц.тармактарда. Ал эле эмес "правительствосуна наалат!" деп жазышыты!…
+3
Nur8524
2016-08-29 16:58:10
жаткан жерлери жаннаттан болсун, бир туугандарына терен кайгыруу менен көңүл айтам.
+4
barakcha
2016-08-29 17:06:25
Мынчалык ыйлаган эмес элем.(((
+2
Qnet
2016-08-29 17:09:30
Коргон сайын ыйладым ушул кыздарды:(Жайы Жанаттан болсун.Ажал айтып келбейт да,жакындарына сабыр тилейм!Саат канчада келет экен Ошко,ким билет?
+2
jamilya03
2016-08-29 17:12:16
Элге пайдасы тийе турган эр журок жигиттерибиз гор тиригилик деп талаалап журушот жеп жутаарлар бийликти байлыкты басып алышып тамаша кылып олтурушат ыссык уйлорундо
+2
kirgizstan
2016-08-29 17:16:47
Ушул эже синдилер жонундо тема окусам токтоно албай ыйлап жатам айнектен колдорун чыгарып кете бергенин элестетип батпай барам жашасалар болмок эле атттттин дуйно.....
Жайынар жайлуу топурагынар торко болсун АЛЛАХ бейишин ылайым насип эткен болсун
+2
djigit90
2016-08-29 17:20:13
эхх байкуш Кыргызымдын кыздары канчалаган азап чекти. Колундун бир чекесине тикен кирсе канчалык сыздатат, эже карындаштарым куйуп кетти. Жаткан жери жайлуу болсун. Комментарий окугандар, эч кандай жардам бере албасанарда ушул 14кыз менен ош бишкек жолунда каза болгондорго Куран окуп койгула. Аллах ыраазы болсун.
+1
Darin
2016-08-29 17:25:50
Ото окунучтуу деп оор ушкургондон башка айлам жок эххх.....
+2
Urmat_83
2016-08-29 17:40:21
Путинди жерге сууга тийгизбей мактайбыз.Эл козуно болсо дагы конул айтып койсо болот эле
+3
Soni130587
2016-08-29 18:27:09
Жаткан жеринер жайлуу болсун
+1
makemake1979
2016-08-29 18:29:09
Кечир бизди карындашым эжекем
Кечир мени кызым менин берекем
Биз жибердик иштегенге ботон элге
Тообо кылбай Алла берген напсиге
+2
aibek0001
2016-08-29 18:31:51
Кана эле, ошол күйгөн 14 эже карындаштырымдын ордуна мен күйсөм мейли эле ошол жалынга, эхх..
Кечиргиле.....
-2
ekaterinburg
2016-08-29 18:56:29
(((((( ыйладым....
+1
7777da
2016-08-29 19:05:44
Жалындап жаштык кундун коро албай
Кете берди кош айтышып биздин кыздар
Кана канакей деп апакем деп
Кала берди канча деген наристелер
Куйом ортоном жаным жанчылды
Угуп суук кабарды аллахым жанаттан орун берсин деп аллахыма дуа айталы кыргыздарым
+1
Medina..
2016-08-29 19:52:13
иииии)))Жайлары жаннатта болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан