Бишкек шаарында желектер түшүрүлүп, оюн-зооктор токтотулду

Бишкек шаарында желектер түшүрүлүп, оюн-зооктор токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Москва шаарындагы кыргыз кыздарынын өрт кырсыгынан улам каза болуусуна байланыштуу Бишкек шаарындагы төрт райондо желектер түшүрүлдү. Мындан тышкары шаарда бардык мекеме-ишканаларда пландалган оюн-зоок, программалар токтотулду. Бул кадамдар менен жакындарын жоготкон мекендештерибиздин аза кайгысын тең бөлүшмөкчүбүз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 29-август өлкө боюнча аза күтүү күнү болорун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Revolyutsiya
2016-08-29 10:42:48
31-август эгемендик майрамы жана кочмондор оюнун токтотуу талабы менен копчулук эл чыгууда ар кайсы маалымат каражаттарында. Атамбаев элдин унун угабы же айланасындагы жеп-жутарларын угабы вечно "голодный" жургон?! Аксыдагы кармалып кеткен атуулдарыбыз жана талашка тушкон жердин тагдыры чечилбей жатып кайдагы эгемендуулук? Кыргызстандын жерин башка олколор тартып алып ээлик кылып жатса ошобу Кыргызстандын эгемендиги? Кайсы арынарга майрамдайсынар?! Намыс барбы?!
-4
KG.Kushtarbek
2016-08-29 11:18:54
эн туура
-3
Riokyrgyz
2016-08-29 11:28:26
Эгемендуулук болбой эле койсун.ашыкча чыгым кылып чондор эле жеп жутуп жыргашат.а кочмондор оюну болушу керек пны дуйно жузу кутуп жатат.
+3
AIZAD
2016-08-29 12:07:07
Riokyrgyz,туура айтасыз! Кыргыздын каада салтын корсотчу оюн! Аны токтотсо болбой калат! Туугандар, ачууга алдырбай терен ойлонолу!
+5
s9zen098
2016-08-29 12:28:19
Албетте жаш өмүрлөр кыйылганы жаман болду. Жакындарына сабыр берсин. Бирок, пны деп бүткүл кыргыз бир жыл кара кийип, аза күтүп отуруп алганы туура эмес. Ал нерсени деп үөчмөндөр ойунун токтотууга эч кандай негиз жок.
+9
fanatka19
2016-08-29 13:31:42
Эгемендүүлүктү билбейм,көчмөндөр оюнун токтотууга каршымын.токтоткула дегенден мурдунан алысты көрө албагандар.
+8
Xanbiyken
2016-08-29 13:38:02
Анда ар бир олгон адам учун аза куто берели, эмнеге токтотуш керек кочмондор оюнун, эч негиз жок токтотконго. Бул кунда отот, олгондун шору комгон дегендей, комулот болду унтулат. Жашоо улана берет оз нугу менен, революция деген логин менен жургон бала сен аман эле болчу. Жанагы бибиси, соз ташыган, жалган малмат таратканга мастер экенсин. Ушакчы катын биякта эле калсын, эркек эркектей болгону жакшы, соз ташып катынча ушактабай уят.
+9
Aselya_9105
2016-08-29 17:57:10
Эх, кыргыз элим, суранам бири бирибизге көө шыбап, бири бирибизге күнөө арткандын ордуна сабырдуу бололучу. Баарыбыз бир бүтүн бололучу. Атамбаевди эле күнөөлөйсүңөр, бир эле жалгыз ал күнөөлү эмес. Мурунку бийлик башчыларында күнөө. Албетте, өтүп кеткен эже-сиңдилерибиздин жакындарына көңүл айтабыз. Жаткан жерлери жайлуу, жайлары жаннаттан болсун. Калган өмүр жашын жакындарына берсин.

-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан