Ош шаарында аза күтүү күнүнө карата маданий иш-чаралар токтотулду

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, бүгүн, 29-август өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган. Ага ылайык, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардагы мамлекеттик туу түшүрүлүп, маданий иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Шаардык Жаштар комитети тарабынан уюштурулган, Ош шаарынын мэринин катышуусундагы “Жүрөгүмдө Кыргызстан” аттуу патриоттуулукка чакырган жөө жүрүш жана концерттик программа, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата көрүлүп жаткан даярдык кийинки күнгө жылдырылды. Аны менен катар жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда, шаардагы кафе-ресторандарда көңүл ачуучу ыр-күүлөргө бөгөт коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-августта Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза болсо, алардын 14ү Кыргыз Республикасынын жарандары. Каза болгондордун баары кыз-келиндер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kofesmolokom
2016-08-29 13:13:29
Туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!
Жайы жаннаттан болушсун!
0
Azizbek.kg8
2016-08-29 13:26:40
Жайы жайлу болусшсун.Ала таалам бейишинен жай Берсин.
0
E.TARZAN
2016-08-29 13:28:24
Жайы жаннаттан болсун! Ушундай жаштар олуп жатса аза кутуу туура эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан