Экс-депутат Эркин Алымбеков дүйнө салды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркин Алымбеков дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Алымбековдун жүрөгү ооруп жүргөнү маалым болду. Басма сөз кызматы билдиргендей, ал уйкудан турбай каза болгон.

Айта кетсек, Алымбеков Эркин Жумабаевич 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган.

Алымбеков V чакырылыштагы Жогорку Кеңеште өзүнүн кескин чечимдери менен элдин эсинде көбүрөөк калган. "Кумтөр" маселеси дуу болуп, талаш-тартыштар бүтпөй турган маалда "Кумтөрдөгү" үлүштү 67 пайызга жеткирем, мага 1 жыл гана убакыт бергиле" деп чыкканы белгилүү. Тагыраак айтканда, "Кумтөр" кени боюнча канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүү, үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү сунушуна кескин каршы чыккан. Алгач "комитет мүчөлөрү "Кумтөр" маселеси боюнча пассивдүү болуп жатат, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин туура эмес иштерине көз жумушууда" деп, өзү жетектеген Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагалыгын тапшырып берерин айтып чыккан.
Кийинчерээк "Кумтөр" боюнча өкмөттүн сунушу парламентте колдоо таап кетсе, мандатын тапшырарын айтып, 2014-жылдын 6-февралында парламент "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү демилгесин жактыргандан кийин депутаттык мандатын тапшырган. Парламенттин 5-чакырылышындагы мандатынан өз каалоосу менен баш тарткан алгачкы депутат болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Эркин Алымбековдун жакындарына көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Batken.Nasvai.siti.
2016-08-29 11:59:26
Себеби емне болуптур?
Басып кетип жатыпле каза болуп калбаса керек ОЗУ жаш болчу
-1
Sagy
2016-08-29 15:58:19
Batken.Nasvai.siti., Басып кетип атса деле, Кудай жанын алам десе, алып коет.
+3
advert
2016-08-29 12:02:09
эмне эле болуп атат?
+1
Kyialbek.a
2016-08-29 12:15:21
Эх эмне болду экен бийликтегилер кылбадыбы кечээ эле тегерек столго катышып баш мыйзамды талкуулашты эле
0
Dadin2
2016-08-29 12:17:29
Эмне болмок эле, Бийлик оппозицияга эскертуу берип жатат. "Курманбек Бакиевтен кечирим сурап кайра алып келишибиз керек"- деп суйлободу беле.Эми оппозициядагыларды, бийлике каршы суйлогондордун баарын ушундай нерсе кутот. Эээй атандын гору дунуйо, Бийлик- деп эмне гана болуп кетишет экен .
+10
Bema50000
2016-08-29 12:24:40
Dadin2,сен бакиевтин аркасынан кетип чогу жаша.
-13
Mers124
2016-08-29 12:26:42
Dadin2, Сүйлөйт десе сүйлөй бересиңби. Тилде сөөк жок, бирок тилди тартсын деп тишти да берген. Бирөөнүн күнөөсүн көтөрбө.
+9
Kyialbek.a
2016-08-29 12:24:50
Админ балким жуйолуу себептери бардыр толук маалымат кутобуз
+1
Dadin2
2016-08-29 13:15:14
Ыссык-Колдо эс алып жургон экен. Эмне себептерден улам каза болгону жонундо так маалымат жок. Журок дарты менен ооруп жургон деген гана билдируу беришти.Маркумдун соогун Ыссык-Колдон Бишкеке алып келишет экен.
0
lexus47
2016-08-29 13:20:21
Фейсбукта, ажыдардын куйругун депсегени учун муну жок кылышты деп журотго. эмнеси болсода жайы жаннаттан болсун!
+1
ruslanz
2016-08-29 13:36:31
Жакында эле тегерек столдо бийликти сындап отурган. Туурасын айтып жаткан.Ыйманы саламат болсун.
+1
JENTELMEN
2016-08-29 14:23:16
Эмне эле болуп жатат? Кырыла турган болдук го.Не себептен каза болду экен.Жаман оюм бийликтен эле коруп жатам
0
Ibi86kg
2016-08-29 14:34:10
Ыйманы саламат болсун ?!!!Бакиевди алып келиш керек деп айты эле эчтеке жок бекен эми оз ажалы мн каза болдубу толук малымат бергилечи супер.
0
tulpar90
2016-08-29 15:07:23
Жакшынын өмүрү кыска деген ушул экенда. Туура сүйлөгөн адам эле.
+1
Sagy
2016-08-29 15:35:26
Атамбаевдин он колу болчу...
0
JENTELMEN
2016-08-29 15:44:41
Каримов бийликтен кетсе жакшы болмок
-1
aash
2016-08-29 19:50:00
Жакшы киши эле, ыйманы саламат болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан