Өлкөнүн бардык мечиттеринде өрт жана жол кырсыгынан каза болгондорго багышталып куран окулду

Өрттөн каза болгон 14 кызга жана Ош-Бишкек жолунда автокырсыктан көз жумган 9 адамга багышталып куран окулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Москва шаарында өрт кырсыгынан каза болгон 14 кызга жана Ош-Бишкек жолунда автоунаа кырсыгынан кайтыш болгон 9 адамга багышталып бүгүн, 29-августта түшкү намаздан кийин өлкөнүн бардык мечиттеринде куран (Хатм-Куран китебин толук багыштап окуп чыгуу) окулуп, дуба кылынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, муфтий Максатбек Токтомушев өлкөдөгү бардык казыят башчыларына жана район имамдарына куран окуу тапшырмасын берген.

Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрт кырсыгынан 14 кыргыз кызы каза болгон. Ал эми 27-август күнү саат 11:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында катталган кырсыктан 9 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Syper.kelin4ek
2016-08-29 14:32:45
Курандары кабыл болсун.
+6
fanatka19
2016-08-29 15:17:39
Кабыл болсун,бирок куран жерге берилгенден кийин окулчу эле го
-3
Syper.kelin4ek
2016-08-29 15:47:07
fanatka19,окуй берет жерге бериле электе деле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан