Бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда транспорт салыгын төлөөдө карапайым элге ыңгайсыздык жаралып жаткандыгы тууралуу кабар жарыяланган.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда аяктаарын эскертип, бардык транспорт, турак жай жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыктардын эсептелген суммасын өз убагында жана толугу менен төлөөгө жыл башынан бери эле чакырып келүүдө. Бул тууралуу бардык жалпы маалымат каражаттарында чагылдырылган, бирок практика көрсөткөндөй, салык төлөөчүлөр салыктарын акыркы күнү төлөгөнгө аракет кылышат. Ушуга байланыштуу акыркы күнү салык органдарында же банктардын кассаларында кезектер түзүлөт. Ошондуктан баарыңардан салыктык милдеттенмеңерди эртерээк аткарууну суранабыз. Мамлекеттик салык кызматы салыктарды төлөөдө өзүңөргө ылайык ыкмаларды тандап алса болорун эсиңерге салат. Салыктарды өзүңөр каалаган банктарда, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм терминалдарында жана интернет-банкингдерде төлөй аласыңар", - дейт МСКнын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.
Салыктар өз убагында төлөнбөсө, 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынарын эскертти Сазыков.