Москвада өрттүн айынан ооруканада жаткан Кыргыз өлкөсүнүн 3 жаранына көмөк көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 29-августта Москва шаарындагы басмаканадагы өрттөн жабыркаган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын барып көрдү. Алар учурда Ф.И.Иноземцев атындагы Шаардык клиникалык жана Склифосовский атындагы ооруканаларда дарыланышууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык көмөк көрсөтүлгөнү маалым болду.

"Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, каза болгондордун туугандарына, жакындарына жардам берүү боюнча өкмөттүк штабдын жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева 2016-жылдын 28-августунан тарта Москва шаарында жүрөт. Штаб кечээ, 28-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Москванын медициналык мекемелеринде дарылануудан өтүп жаткан мекендештер:

1. Калбай кызы Кызбурак;

2. Кадыржанов Нурмухамед Абдулазизович;

3. Исраил уулу Уларбек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
lolo.1
2016-08-29 17:52:55
Кызбулак дегени да бар элего
+1
Sezim.A
2016-08-30 01:17:07
lolo.1,оа башында жазышты элего Кызбурак Кызбулак деп
+1
lexus47
2016-08-30 01:21:14
Кызбулак экоону биртууган деп жатышты эле. кабар берип койгулачы супер?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан