Бишкекте Эгемендүүлүк майрамында кечкисин коомдук коопсуздукту 3350 милиция кызматкери камсыздайт

Бишкек шаарында Эгемендүүлүк майрамында коомдук коопсуздукту 3350 милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык коомдук коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Жакып Жумаев билдирди.

Калктын коопсуздугун көзөмөлдөөгө Улуттук гвардиянын аскерлери жана атайын багыттагы кызматкерлер милицияга кошумча күч катарында тартылары маалым болду. Милициянын күчөтүлгөн тартипте иш аткаруусу 30-августтан тартып башталмакчы.

"Майрамга карата өткөрүлүүчү иш-чараларды милиция кызматы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөйт. Алгач "Ала-Тоо" аянтындагы күндүзгү иш-чарага 2150 милиция тартылат. "Аккула" ат майданындагы ат оюндарынын жүрүшүн 745 кызматкер көзөмөлдөйт. Ал эми "Ала-Тоо" аянтындагы кечки иш-чарага 3350 кызматкер тартылат", - деп билдирди Жумаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Frunze74
2016-08-29 18:01:06
Айттым го, Атамбаев эгемендуулук майрамы менен кочмондор оюнун откорбосо кун тетири чыгат деп... Атамбаев элге окшоп маркумдарга аза кутуп жаткан жок, аза кутсо майрам откорууго батынат беле?! Унгар-Тоо менен барымтадагы кыргыздарды дегеле ойлонгон жок. Каримов акеси менен чечип чон чекит коюп бутушкон качан эле...
+16
Aldyiar
2016-08-29 21:58:47
Frunze74,Ошол майрам куну эл оздору эле чыкбай койсо болот. Ошондо ойлоп каалар Атамбаев. Озу быйылча 25 жылдык тойун откорбой койсо болот эле, мисалы мен озум балдарым аялым болуп откорбойбузда шаарга барбайбызда. Кереги жок бизге тойдун.
+5
barakcha
2016-08-29 18:03:08
Соз жок!
+10
Revolyutsiya
2016-08-29 18:07:51
Элдин уну, талабы Атамбаев учун бир тыйын, президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмалангандай эле... Атамбаев эл менен эсептешпейт... Атамбаев, Отунбаева, Текебаев учун "жээндер" кадырлуу кыргыздардан... Чычалабай эле койгула, чын соз...
+13
eduardali
2016-08-29 18:16:25
Урматтуу мекендештер майрамга катышбай эле койгула Сураныч сиздерден. АША өзү майрамдайбыз берсин.
+13
zarinarzieva
2016-08-29 18:28:36
Айтайын десен соз таппайсын!!! Бир тууган эже синдилерибиз каза болуп бир тууган ата-энелери какшап жатса, алар майрамдайт! Эгерде башка олкодо 17 эмес 2 киши олсо 1 ай аза кутушот а биздикичи. Соз жок!!!
+8
tulpar90
2016-08-29 18:35:21
Сөз жок
+7
gul3ina
2016-08-29 19:28:17
Чынында айтканга соз жок
+7
chopAA
2016-08-29 19:40:31
Эгемендүүлук болгон үчүн жаагыңар жарыла, оозуңардан ак ит кирип көк ит чыгып, ойюңарга келгенди жазып отурасыңар!
"Өз агасын агалай албаган,өзгөнүн эшигин сагалайт"дегенди унутпай Көзүңөдү чоңураак ачкыла , туугандар!!!
Өлгондүн артынан эч ким өлбөйт
ПС катуу тийсе кечирим сурайм
-11
Shapak1979
2016-08-29 20:03:54
Кайдагы эгемендуулук [moderated]га жерибизди алдырып атсак. Ошо милиция кызматкерлерин Ункур тоого жибергиле. Озубуздун жарандардан сактанбай. Вообще экенсинер соз жок.
+11
frunze777
2016-08-29 20:29:50
Атамбаев кетсин!!! Ункур-Тоо маселеси турганда, 4 атуулубуз бир канча кундон бери барымтада жатканда, президент, бийлик башындагылар оз ыйгарым укуктарын кенейтууго кызыкдар болуп конституцияны озгортууну талкуулосу элди шылдындагандык!!! Оор турмуштун айынан жапжаш курагында Россиялап иштеп уй-булосуно кол кабыш кылган 14 кыз-келинибиз Москвада кайтыш болуп жалпы эл аза кутуп жатса, олкобуздун эгемендуулугуно доо кетип жатса "эгемендуулук майрамын" майрамдоого белсенгени ХХХ
+7
frunze777
2016-08-29 20:39:20
Атамбаев токтоосуз бийликтен кетсин!!! Жогорку Кенеш таркатылсын!!! Жаны президент жана Жогорку Кенештке жаны депутаттар шайланмайынча олкону башкаруу Окмотко жуктолсун!!! БШК таркатылып адилет конкурс откорулсун. Депутаттардын саны 60ка кыскартылып бардык артыкчылыктар, кол тийбестик жоюлсун. Акыркы 5-6 жылдын, 2016-жылдын жана акыркы айдын жыйынтыгын чыгарып отуруп президент Атамбаев, Жогорку Кенештин бугунку курамы оз каалоосу менен мандаттарын тапшырууга тийиш деген чечимге келдим!
+10
frunze777
2016-08-29 20:49:51
Анткени президент да, Жогорку Кенеш да оз милдеттерин аткарууда чабалдыгын, мамлекетти башкарууга, экономиканы которууго алсыздыгын тастыктады. Мамлекеттик маанидеги ишканаларда, баалуу кен байлык ондуруудо олко кызыкчылыгы корголбой келет. Кыргызстандын чек араларында коншу олколор менен араздашуулар байма-бай катталып мамлекеттин территориясынын бутундугуно доо кетип отурат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын президентинин жана Жогорку Кенешинин отставкасын талап кыламын!!!
+10
barakcha
2016-08-29 21:01:59
frunze777,биздин созубузду ким угат???
+3
revolyutsioner1
2016-08-29 21:12:16
barakcha, Эл уксун, эл чечим кабыл алат. Эл менен эсептешпей, элдин талабын укпаган 2 экс-президенттердин тагдырын Атамбаев унуткан болсо эл эсине салып койот бир толкуса...
+6
Tikosha1994almaz
2016-08-29 21:17:45
Кыргыз Эли кыздарын жоготуп кан жутуп атса кантип майрамдамак элек.милиция кызматкерлери ошол жакты кайтарып канча акча алат болду экен?площадь онолду деп ага канча акча кетти экен?канчасын чондор жеди экен?кочмондор оюнун уюштуруп миллион акча коротпой завод фабрика иш кана ачып кыргыз Элин жумуш менен камсыз кылса чет элге кетип ботон Эллен курман болуп азап корбойт элего кыргыз эли, а чондор майрамды ойлонуп отурат бир кун аза жариялап койсо эле болду дештиго уят аябай
+3
Azura
2016-08-30 10:47:28
Суйлойт десе эле суйлой бербеш керек,баардык нерсенин кесири болот.Зорго жеткен эгемендуулукту да кесир кылбаш керек.Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей,бул кырсыкты да Жаратканым жиберди,тообо дейли.Эгемендуулугун майрамдаганга зар болгон улуттар толтура,эгеменге жетебиз деп кырылгандар толтура.Уйгур,каракалпак,татар,хакас,якут жбус туугандарды эстейли.Палестиндер эгемендикке жетебиз деп атып,кырылып тугонмой болушту.Эгемендуу экенибизди коро албагандар бар экенине ишене албай турам.
0
Frunze74
2016-08-30 12:42:52
Azura, 1-ден эл аза кутуп жатса маркумдар али жерге берилбей, кайдагы майрам, кайдыгер журогу таштар гана майрамдабаса.. 2-ден майрамдабаса эгемендуулугун качып кетеби, 1 жыл майрамдабаса асман узулуп жерге тушобу?! 3-дон Аксыдагы жерибизди Озбекистан тартып алып эгемендуулугубузго доо кетип жатса, кайсы бетинер менен майрамдайсынар?! Бийликте да, Арзыматтарында да намыс калбаптыр... Туу атандын кору...
-1
Azura
2016-08-30 18:09:29
Frunze74, эгемен бул элдик майрам.шаан шоокотсуз мирный митинг менен откорсо болот.
Ал эми 29 августа траур жарыяланган куну мисс бишкек откоргон уюштуруучуларды жоопко тартыш кк
0
Frunze74
2016-08-30 18:59:45
Azura, Атамбаев байкен парад откором деп оолугуп жатат го...
0
Azura
2016-08-30 10:47:57
чынында.
Эгемендуулукту барктайлы, асырайлы жана коргойлу! Эгеменди майрамдаганга жеткирсин Жараткан!(с) НМ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан