Өрттөн каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайын борт Москвадан учуп чыкты

Каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайын борт туугандарынын жана вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева башында турган өкмөттүк топтун коштоосунда Москва шаарынан Кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 29-августта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө Москва-Ош-Бишкек багыты менен учуп чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Ош шаарына жеткирилип, акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет, ал эми Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын сөөгү Бишкек шаарынан туугандарына берилери маалым болду.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган Москва шаарында каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүк штаб кечээ, 28-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн. Каза болгондордун сөөгүн өлкөгө алып келүү жана акыркы сапарга узатуу боюнча бардык чыгымдарына тийиштүү маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Tansuluu09
2016-08-29 18:36:55
Эххх..... ата -энелердин коз жаштарын элестетсем окунуп кеттам ,((((( тируу кеткен эле эми мынтип...дешеткоо ((( оо
Аллахым тууган уруктарына сабыр бере кор.
+4
Azizbek.kg8
2016-08-29 18:38:06
Оз буту мн келип кор оокатын айынан,эми Мынтип сооктору учуп баратат
+5
jamilya03
2016-08-29 18:41:13
Эх ушундай оор окуяларды угуп баарын таштап жакындарынын жанына кетейин дейсин БИРОК.....
+8
557
2016-08-29 18:56:31
Жараткан сабыр бере кор калган омурун жакындарына берсин аллахым
+3
nurik-jami
2016-08-29 18:58:54
Аллахым жаткан жерлерин жайлуу кылсын. Билип билбей кылган куноолорун кечирсин. Ата-энелерине туугандарына сабр берсин. Ботон жерде жургон мекендештерибиз аман эсен оз мекенибизге кайтып келишсин.
+3
jaguar11
2016-08-29 19:10:54
кеттинер кыргызымдын журогун канга толтуруп эх жараткан жаннатындан жай берекор суроо жоопторун женил кыл
+3
barakcha
2016-08-29 19:11:54
Ата энелерине сабыр бере кор Кудай!
+1
tima01
2016-08-29 19:31:45
Биз жактанда эки эже бар экен эле экоо тен бир семядан экен атасы бир туугандары уже билиптир бирок апасына эч ким айталбай жатат укса не болот деп
+2
Totyua.71.
2016-08-29 20:29:28
Абдан окунучтуу не дээринди билбейсин...кайран гана жаш гулдор..Ким куноолуу ким?кайран заман,каар заман..
+2
altynka95
2016-08-29 20:40:49
Жакындарына сабыр берсин Аллах,эч ишенгим келбей турат дагы деле
+1
nurillm
2016-08-29 20:50:32
жайынар жаннаттан болсун
+1
aibek96
2016-08-29 21:20:44
Мен дагы тереен кайгыруу менен 14 кыргыз мекендештерибиздин жакындарын конул айтам жаткан жери жайлуу кылуусун аллахымдан суранам
+1
Gulnazi
2016-08-29 21:55:38
эх Арман дуйноо
+1
Gulnazi
2016-08-29 21:55:56
Арман дуйноо
+1
Medina87
2016-08-29 22:00:03
Суротторун коруп алып ыйлап токтоно албай койдум...
Жаткан жерлери жайлуу болсун!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан