27-августтагы Москва шаарында басмаканадан чыккан өрткө Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барышканы менен, имаратта иске уланып 17 адам каза болду. Окуяны четте карап турбастан, имараттын ичинде калган кыз-келиндерге жардам берүүгө шашылгандар чыккан. Алар кыргыз улутундагы 5 жаран жана 1 орус жараны. Алардын аракети менен бир нече кыз куткарылып, жолдон ооруканага жетпей бирөө каза болгон. Өрттөнүп жаткан имараттан адам өмүрүн сактап калганга аракет кылган 6 баланын бири Таалайбек Марип уулу кайгылуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Окуя болгон күнү мен нөөмөтүмдү тапшырып сыртта тургам. Өрттүн чыкканын көрүп, ичинде кыздар бар экенин угуп, 4-кабатка көтөрүлдүм. Акырына чейин жете албадым, өрт күчөп кетиптир. Өрт өчүрүүчүлөргө кыздар бар жерди көрсөтсөм, алар да бара алышкан жок. Андан кийин сырттан 4-кабаттагы терезеде кыздын чыгып турган колун көрдүк", - дейт Таалайбек Марип уулу.
"Көрсө, ал кыз түтүндөн качып келип терезеге жатып калыптыр. Бир колу терезеден чыгып турганын көрүп, өйдө чыкканга аракет кылдык. Бирок, тилекке каршы, ал кыз каза болуп калыптыр. Бөлмөнүн ичиндегилер иске ууланып калышыптыр. Ал кабаттын терезелери да кичинекей, бир адам араң батат. Бөлмөнүн ичине кире алган жокпуз", - деп кошумчалады.
Таалайбек Марип уулу Орусиянын ӨКМ кызматкерлери жай кыймылдагандай көрүнгөнүн айтты:
"Алар план түзүп туруп алышты. Пландарын түзгүчө карап тура алган жокпуз. Алардын иштөө эрежеси ошондойбу же кандай... Бизге өтө эле жай кыймылдагандай туюлду".