Өлкөдө өрт коопсуздугу боюнча 993 мектеп текшерилип, 107 миң сом өлчөмүндө айып салынды

Мектептерди жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердеги өрттүн алдын алуу боюнча жаңы окуу жылына көрүлүп жаткан даярдыктар маалында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

"Текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында болду. Учурда
20 миң 52 мектептин ичинен 993ү текшерилип, 7276 эреже бузуулар аныкталды. Мектеп директорлоруна жана айыл өкмөттөрүнө бардык эреже бузуу фактылары жана аларды жоюу боюнча актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилип жатат. Өрт коопсуздугунун эрежелерин жана административдик жоопкерчиликти сактабагандары үчүн 56 кызмат адамына 107 миң сом айып салынды",
- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан