Орусиядагы элчиликтин алдында 27-августтагы өрттөн каза болгондор эскерилип, гүлдөр коюлууда. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Москвада катталган дипломаттык корпустардын жана орусиялык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кыргыз элине каза болгон жарандарына байланыштуу көңүл айтышууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, элчиликте дипломаттык корпус үчүн Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгондорго байланыштуу 29-30-августтарда саат 14:00дөн 18:00гө чейин көңүл айтуу китеби ачылган.