"Түндүк электр" ишканасы 11 миллион сомго 33 кошумча трансформаторлуу көмөк чордондорду орнотот

“Түндүк электр” ачык акционердик коому кошумча трансформаторлуу көмөк чордондорду орнотууну улантууда. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 30-августта кабарлады.

"Кыш мезгили келгиче “Түндүк электр” өз эсебинен 11 миллион сомдон ашуун каражатка 10/0,4 киловатт чыңалуусундагы 33 кошумча трансформаторлуу көмөк чордонду орнотууну мерчемдөөдө. 2016-жылдын 29-августуна 29 кошумча трансформаторлор орнотулган, анын ичинен: Бишкек шаарына - 3, Чүй облусуна - 16 жана Талас облусуна - 10", - деп жазылган маалыматта.

Кошумча трансформаторлор тармактын жүктөмүн азайтууга жана берилген электр энергиянын сапатын жакшыртарын кошумчалашкан басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tagen
2016-08-30 09:11:36
жакшы свет очпойт эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан