Сокулук. Достук айылынын чаңга аралашып футбол ойногон чыт курсак балдары (фоторепортаж)

Бала кезде ар бир наристе аруу тилек, таттуу кыялдар менен жашап, улуу инсан болууга ниеттенет. Кайсы бир баланын тилек-максаты орундалып бактылуу жашаса, айрымдарынын кыялы жомокко айланып кала берет. Сокулук районунун Достук айылына барып, көчөнүн чаңын сапырып футбол ойногон балдарга жолуктук. Алар дарбазанын ордуна эки жыгачты тигинен орнотуп, үстүнө жип тартып алышкан.

Балдар бизди көрүп, жаныбызга келишти. Бирөө "Футбол аянтчасын саласыңарбы?" деген суроо узатты. Ойноп жаткандардын бири менен маек курдук.

"Мен быйыл 8-класска көчтүм. Мен эс тарткандан бери ушул жерде футбол ойнойбуз. Арабызда топту жакшы тепкендер бар. Биз чоң футболчу болобуз", - дейт Шергазы Медербек уулу.

Чыт курсак балдар айылга батыраак спорт аянты курулса дешет. Алар кыялдарынын аткарылбай жатканын өлкө башында турган жетекчилерден көрүшөт. Өткөн жылы партиялар шайлоо алдында спорт аянтчасын куруп берүүнү убада кылышкан. Үмүттүү көздөр менен караган балдар айылга чет элдик кымбат унаалар келсе, "убада берип кеткен депутаттар келишти" деп чуркашат. Бирок үмүттөрүн таш каап, чаңга аралашкан бойдон кала беришет экен.

"Биз менен кошо Месси, Неймарлар футбол ойношот" деп балдар бири-бирин көргөзүштү. Айылдын балдары бири-бирине атактуу футболчулардын ысымдарын ыйгарып коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Darin
2016-08-30 09:57:14
Биздин айылдада ушул корунуш...
+1
sagyndym90
2016-08-30 10:02:44
Балдар биздин келечегибиз.
+4
Bodibilding
2016-08-30 11:15:00
Ар бир айылга бирден плошадка куруп берсе кана.
+1
moskyrsat
2016-08-30 11:46:15
Бедные кыргыз
-5
audi80
2016-08-30 12:10:34
уят ар намыс деген нерселр жок экен биздин депутатарда соз бергенден кийин куруп беришсе болот
0
nurali20
2016-08-30 14:54:07
Ушинтип эле чонойгонбуз.
0
temirov76
2016-08-30 16:07:31
Депутаттарыбыз ушул балдарга да убада берип жиберген турбайбы э,чондорго берген убадалар аткарылбай эле буларга каяктан спорт аянтча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан