Жалал-Абаддан Ошко барган 100 өспүрүм шаардын тарыхый жайлары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдар Ош облусундагы Сулайман-Тоо, Өзгөн тарыхый мунарасы, "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде болуп кайтышкан.
"Тарых жана маданият жылына карата "Мекеним менин - Кыргызстан" долбоорунун алкагында балдарды мекенчилдикке чакырып, достукту бекемдөө максатында атайын саякат уюштурулду. Мында өспүрүмдөр Ош облусундагы тарыхый мааниси терең жайлар менен таанышып чыгышты. Биздин мындай кадамыбыз балдарды мекенчилдикке үндөйт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, саякаттын алкагында Ош шаарынын 30га жакын жаштары менен пикир алышуу орун алып, ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.
Аталган иш-чараны Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңиш Жоробеков уюштурган.