Бишкек шаарынын "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплекси толугу менен оңдолуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Соода борборунун жанында жайгашкан фонтан начар абалга жеткендиктен, бардык насостук станциялары, электр чубалгылары алмаштырылып, бассейндин түбүн бетондоо жумуштары аткарылган. Эски фонтандын орду толугу менен жаңыланып, улуттук үлгүдөгү оймо-чиймелер, чуркап бараткан жылкылардын образы берилген", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле фонтандын айланасындагы мажүрүм талдарды жакын арада кыюу пландалбаганы, эгерде шаар тургундарынын өмүрүнө коркунуч жаратса, кыйылары кошумчаланган.