Биз социалдык тармакта

Ош шаарында "Улуу Жибек жолундагы интеллектуалдардын баарлашуусу" Эл аралык форумуна даярдык көрүлүүдө

Ош шаарында "Улуу Жибек жолундагы интеллектуалдардын баарлашуусу" Эл аралык форумуна даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 20дан ашуун өлкөлөрдөн дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу, акын, сүрөтчү, саясатчы, драматург, философ жана маданият тармагындагы чыгармачыл инсандар келип катышат.

"Форумдун жүрүшү 3 күнгө созулуп, маданий программалардын коштоосунда өткөрүлөт. Аталган
иш-чарага даярдыктын жүрүшүн Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев баштаган делегация карап чыкты"
, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрь күндөрү Ош шаарында "Улуу Жибек жолундагы интеллектуалдардын баарлашуусу" форуму өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан