SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ата-Бейиттеги бак-дарактарды жашыл боёк менен боёп коюшуптур" деген аталыштагы видео жүктөлдү (Chyngyz_kg).
Буга чейин июль айында Бишкек-"Манас" аэропорту жолунан "Ата-Бейит" мемориалдык тарыхый комплексинин жолуна көчүрүлгөн арчалар куурап жаткандыгы, Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы арчалардын куурап жатканын четке какканы тууралуу маалымдалган эле. Ал эми кезектеги видеодо арчаларды "дарылоо" иштери жүрүп, бир түндө эле бир тарабы жашыл болуп калганы көрсөтүлөт. Ошондой эле видеодо шаардын ичиндеги борбордук көчөлөрүнүн жээгиндеги үйлөр терезелери менен кошо сырдалганы тууралуу да баяндалат. Мындай даярдыктар 16-сентябрда Бишкек шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөрүнө байланыштуу жүрүп жаткандыгы айтылат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.