Зимбабве президенти Олимпиада оюндарына катышып ийгилик жарата албаган спортчуларды камоону буйруду

Зимбабве президенти Олимпиада оюндарына катышып ийгилик жарата албаган спортчуларды камоону буйруду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарына Зимбабве өлкөсүнөн 31 спортчу түрдүү спорт түрлөрү боюнча катышууга барган. Президент Роберт Мугабе өлкөнүн Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын учагы конору менен аларды камакка алууну буйруган.

Белгилүү болгондой, аталган өлкөнүн спортчулары алдынкы орундарга жетип медаль алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алган эмес. Зимбабвелик спортчулардын бири Олимпиада оюндарында 8-орунду камсыздаган.

Президент өз сөзүндө: "Биз бул спортчу аталган келемиштерге мамлекеттин эсебинен акча короттук. Эгер силер жок дегенде жез жана латунь медалдары (4-5-орундар) үчүн курмандыкка даяр эмес болсоңор, демек, Ботсванадагы биздин коңшулар сыяктуу силер биздин акчаны жөн эле кетирдиңер. Эгер жөн гана Бразилияга учуп барып, гимнди ырдап, тууну көтөргөнгө барчу адамдар керек болсо, анда биз Зимбабве университетинен татынакай кыздар-балдардан кимдир бирөөлөрдү жибермекпиз", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
incognito1
2016-08-30 13:16:32
Ал жак деле диктатурада. Кыргызстанда жашап жатканыма кудайга шугур.
+6
Seryi-Kardinal
2016-08-30 13:16:56
tuura kylat, biudjettin ak4asyn 4a4paw kerek
0
Jakulina
2016-08-30 13:31:11
Оада
-1
basyz-kaman
2016-08-30 13:17:42
Спорт это политика деп бекеринен айтылган эмес да)
0
rukopashnik
2016-08-30 13:19:30
адамда жоопкерчилик болуш керек го акыры туурабы...
+5
elmurat.kg
2016-08-30 13:21:30
мынча ....кудайга шугур биздики андай кылбады...мамлекетпи Озу бул
-2
janym_eka
2016-08-30 13:24:57
и кордунорбу АШАны жаман дейсинер...
Шугур кылып жашайлы туугандар
+6
Frunze74
2016-08-30 16:50:21
janym_eka, жаманды жаман дейт
-3
tram-lam
2016-08-31 14:49:35
janym_eka, Жаман эле
0
Jakulina
2016-08-30 13:32:18
Укмуш го
0
zarlyk2211
2016-08-30 13:33:36
Жаманды карап биздин президент жакшы деп жашасак алдыга умтулуу, өнүгүү болбой калатго.
+5
ilgis1991
2016-08-30 14:02:50
Ооба,Зимбабведе туулбаганыбызга кудайга шугур.
+1
Marat-m
2016-08-30 14:07:31
Торт соз жазгым келди го ошо эл башчыга
банга кетирет да
ушундай кантип болсун
+1
Aidowi
2016-08-30 14:09:29
Акты ак караны дейли туугандар..ps.АША
+2
bakulya2015
2016-08-30 14:34:08
Бул жерде АШАга шугур дейли,мынтпеди,антпеди дейсинерго,бирок биз олко башчысыда жардам берип,анан мумкунчулук тузуп берип анан мекдештерибиз женилип келгенде АША деле кылыктарын коргосо керек,бирок коргозо албайт себеби анткидей шарт жокда. О так балбандарыбызга даярдана турган жакшына шарт болсо утуп келмек.
+2
miki11
2016-08-30 14:36:53
Спортчу аталган келемиштер деп олтуруптурго келечектеги коллега.
0
temirov76
2016-08-30 16:17:09
Бул жагы безпредел болуп кетиптир.
0
Frunze74
2016-08-30 17:04:44
Эркек экен!!! "Главное - не победа, а участие" деп биздин спортчуларга окшоптур да. Спортчу ийгилик жаратуусу учун мамлекет спортко конул буруп шарт тузуп беруусу керек, экинчиден спортчу да жоопкерчиликти сезип, элдин ишенимин актоо учун бар куч, акылын ишке салышы керек. Мен ардандым Озбекистан, Казахстан, Тажикистан ж.б.бир карап, Кыргызстандын спортчуларын бир карап...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан