ЖЫЛНААМА, 30-АВГУСТ: Америкалык модель жана актриса Камерон Диас 44 жашка толду

Бүгүн, 30-августта америкалык модель жана актриса Камерон Диас 44 жашка толду. Ал АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында төрөлгөн.

Америкалык сүрөтчү Жеф Дюнас Диасты кечелердин биринен көрүп, "Elite" аттуу моделдик агенттикке чакырат. Ойлонбостон сунушту кабыл алган Камерон бир күндүк сүрөткө тартылуудан эле 2 миң доллар тапкан. Ошол күндөн баштап анын моделдик кесипте тушоосу кесилет.
Камерон 1994-жылы Жим Кэрри менен бирге "Бет кап" ("Маска") тасмасына тартылып, ал жарыкка чыгары менен мыкты тасмалардын катарына кирген. Андан 3 жыл өткөн соң Жулия Робертс менен биргеликте "Эң жакын достун үлпөт тою" ("Свадьба лучшего друга") тасмасында роль жараткан. Гонорары эң көп актрисалардын катарына кошулууга "Чарлдын периштелери" ("Ангелы Чарли") тасмасы түрткү болгон. 2009-жылдын 23-июнунда Голливуддагы Даңк аллеясына Камерон Диастын аты түшүрүлгөн №2386-жылдыз кошулган.
Актриса 2015-жылы 5-январда "Good Charlotte" тобунун бэк-вокалисти Бенжи Мэдденге турмушка чыккан. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Диас "эне болуу мен үчүн эмес" деп бир нече жолу айтып келгенине карабай учурда эне болууга даярданууда. Бул тууралуу бир нече басылмалар "актриса кош бойлуу" деп жазып чыгышкан.

30-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан