SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көп аялдуулукка көз карашыңыз кандай?" деген тема талкууга алынууда.
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Менин аялым мусулманчылыкты колдоп келет. "Шариятта эркектерге көп аял алууга уруксат берет. Эгерде кааласаңыз дагы үйлөнүңүз, башкысы, баарына бирдей болсоңуз болду" деп айтып жатат. Бирок менин дагы бир жолу үйлөнүүгө шартым жок".
"Бул нерсени мен да колдойм. Эгер күйөөмдүн күчү жетсе, баарын бирдей караса, алып берем. Анткени өзүмө каалаган жакшылыкты башкага да каалайм. Бул дүйнөнү эле эмес, акыретти да ойлош керек, туугандар".
"Байлыгыңыз жок болсо, үйлөнбөй эле коюңуз. Аялды камсыз кылуу үчүн да материалдык каражатыңыз болуш керек. Баарына бирдей мамиле жасашыңыз керек, себеби аялзаты бирде кызганчаак, бирде ачкөзүрөөк калк келет. Бирок мен жакшы көргөн адамымды эч ким менен бөлүшкүм келбейт".
"Мен эч качан жолдошумдун экинчи аял алуусуна жол бербейм. Мен анын жалгызы болушум керек".
"Эгер биринчи аялыңыз сыяктуу такыба аял (кыз) чыкса, Жаратканга тобокел кылып ала бериңиз. Ар кимдин өзүнүн ырыскысы бар. Балким, эртең байып кетесиз, аны эч ким айта албайт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.