Москвада өрттөн каза болгон кыздардын экөөсү Алай районунда акыркы сапарга узатылды

Москвада өрттөн каза болгон Абдаким кызы Айкөлдүн жана Алина Топчиеванын сөөгү Алай районунун Кабылан-Көл айылында жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркумдарды узатуу зыйнатына президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов жана Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Каза болгондордун жакындарына президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, маркумдардын сөөктөрү кечээ, 29-августта Москвадан атайын борт менен алынып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aikol87
2016-08-30 13:44:55
Кара суулук деп атышты элего.экоо тууган да болот экен.жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
Jaigz
2016-08-30 13:59:41
Жаткен жери жайлуу болсун...(((

0
Marat-m
2016-08-30 14:02:36
Айланайын жандарым,жайынар жаннаттан болсун.
Жараткан бейишин буйрусун!
Жаш кеттинер бул жарыктыктан
+3
altyn2015
2016-08-30 14:13:15
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
korul.alai001
2016-08-30 14:44:33
Алайдан бироо эле деп жатышкан элего((((
0
lolo.1
2016-08-30 14:57:09
Жаткан жерлери жайлуу болсун
0
Revolyutsiya
2016-08-30 15:24:28
Атамбаевдин озу барууга духу жетпептирби, же эртенки майрамга даярдык коруп эл жаттап буткон "элге кайрылуусун" жазып жатабы, эл кан кусуп ыйлап жатса...
+3
Azura
2016-08-30 17:53:46
Revolyutsiya,так на минуточку. Атамбаев президент...
0
semo
2016-08-30 15:30:49
Жаткан жеринер жайлуу болсун
0
Revolyutsiya
2016-08-30 15:51:52
Таптатына кыздар экен эле ким бироонун суйуктуу жары, ширин наристелердин энеси боло турган. Насип этпептир. Он гулунун бири ачыла электе ата-эне, бир туугандарын сыздатып кете беришти... Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алла Таалам бейишти насип кылсын... Жакындарына конул айтам. Кайрат кылыныздар. Алла Таалам озу берип кайра озу алат экен, жазмыштан эч ким качып кутулган эмес, тагдыр экен...
0
Jakulina
2016-08-30 15:53:16
Jatkan jerleri jailuu bolsun.
0
temirov76
2016-08-30 16:26:19
Эхх,жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсундар,тагдырдын жазмышы экенда,ата энесиге сабыр тилейли.
+1
nurikkg88
2016-08-30 16:36:37
Илмиянов эркек экен
-7
sher.ella
2016-08-30 17:08:03
nurikkg88,сага ойун болуп жатабы
0
TAYNAYA
2016-08-30 19:24:45
Жаман туш коргондой эле болуп жатам. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
zhumagul89
2016-08-30 20:11:58
Эээх журогум мынчалык оорубады эле.ЖАТКАН ЖЕРИНЕР ЖАЙЛУУ БОЛСУН.
0
madina.87
2016-08-30 23:02:28
Татынакай жаш кыздар,периште болуп
учуп кетишти(((((((
Экоону боло болот дештиго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан