Кытай элчилигиндеги жардыруудан жабыркаган эки кызматкердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
“Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, жардыруудан жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык. Алардын баш мээси чайкалып, майда жарааттарды алышкан. Учурда жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат”, - деп билдиришти аталган министрликтен.
Айта кетсек, бүгүн Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазаны Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, жарылган. Натыйжада жарылган унаанын айдоочусу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган.