Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов 58 жашка толду. Куудулду өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, SUPER.KG`ге майрамдык маанай жакшы экенин айтып, туулган күндү үй-бүлөсү, жакындарынын курчоосунда белгилей турганын билдирди.
Белгилей кетсек, куудул Нарын облусундагы мурунку Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы Маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган. 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Театр институтунун театр жана кино актёру бөлүмүндө сырттан окуган.
1993-жылы 3-декабрда "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам ыйгарылган. 2000-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган.
30-августтун жылнаамасы.