Кытай кыргыз тараптан өзүнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды

Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде болгон жардыруу боюнча жоопкерчиликти бир да топ моюнуна алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта маалымат жыйынында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдиргенин орусиялык "Риа" интернет-басылмасы жарыялады.

"Жардыруу бүгүн эртең менен орун алды. Биз кыргыз тарап менен байланышып, кыргыз жарандарынын жана кытай уюмдарынын коопсуздугун камсыз кылууну, окуяны тергөөнү талап кылдык. Биз кыргыз тарап менен иштешип, тергөөнүн жыйынтыгы менен бизди тааныштырып турууну сурандык. Биз Кытайдын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрүп жатабыз", - деди Хуа Чуньин.

Айта кетсек, бүгүн, 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазаны Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзүп, жарылган. Жарылуу катуу болгондуктан, унаанын тетиктери 300 метр аралыкка чейин чачыраган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жарылган унаанын ичиндеги айдоочу каза таап, эки күзөт кызматкери жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
shamshiev.80
2016-08-30 15:42:53
Ынсап бер аллахым баарына!
+1
rumaika5544
2016-08-30 15:49:53
Булар ушинтишет экен,биздин чоңдор жок дегенде "ХХХ ХХХ" -деп да коюшпады го...
+3
admin_media
2016-08-30 16:11:47
rumaika5544, этика нормаларын сактаңыз!
0
Donchik09
2016-08-30 15:55:06
Ар кайсы мамлекеттин корсотмосу менен жашап журуп озубуздун башыбызды катарга жер таппай калбасак эле
+7
nuriyaeljan
2016-08-30 15:56:28
Ыыы кытайлар кыйыыын
+1
Tansuluu09
2016-08-30 16:15:54
Сразу талап кылды го Кытайлыктарды...
АША деле Путинге айтса болмок (
+4
TAYNAYA
2016-08-30 16:37:01
Кытайларда патриоттор коп, биздикиндейлер аларда жокко эсе. Албетте талап кылат озун элин жерин ойлоп турса.
+1
Frunze74
2016-08-30 16:40:13
Жараат алган кузотчулор кыргыздар албетте, бир кытайдын кылы кыйшайбаса да, кооптуу кырдал жаралды деп Кытай Кыргызстандан талап кылып отурат. Ал эми биздин 14 кызыбыз Россияда каза болуп жатса, пожарниктери кайдыгер иштеп, биздин бийлик талап кылууну да билбей оозун ачып отурат... Россияда орттун келип чыгуу себептерин тактап жатышканы менен орт очуруучулордун ишине баа берген эч ким жок...
+10
plaza85
2016-08-30 19:48:11
маде ин чайна
+1
JENTELMEN
2016-08-30 22:47:31
Frunze74 азамат сынба.Сендей патриоттор аз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан