Кечээ, 29-августта окурманыбыз WhatsApp аркылуу Ош шаарындагы борбордук базарда колдонуу мөөнөтү өткөн сагыз, момпосуй сатылып жаткандыгы тууралуу кабар жөнөткөн. Бул маселе боюнча Ош шаардык Тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттигинин бөлүм башчысы Алик Мурзалиевге байланыштык.
"Мөөнөтү өтүп кеткен товарларды биз көзөмөлдөйбүз. Шаардагы бардык базар, дүкөндөрдөгү товарларды мониторинг жүргүзүп карап турабыз. Эгер бул сагыз, момпосуйду кайсы жактан көргөнүн так айтса, рейд жүргүзүп, мөөнөтү өткөн товар табылса, чара көрөбүз. Бүт базарга рейд жүргүзүүгө укугубуз жок. Арыз түшкөн соң гана текшеребиз. Ал эми бул базар боюнча арыз түшпөгөнгө байланыштуу биз бир айдан бери бара элекпиз", - деди Мурзалиев.
Мөөнөтү өтүп кеткен товардын сатуучусуна айып пул салынбай турганын кошумчалады ал.
"Эгер мониторинг маалында мөөнөтү өткөн товар табылса, алдырып коёбуз. Эгер өлчөмү көп болсо, Санитардык-эпидемиологиялык станцияны чакырып, товарды алабыз, мэриянын алдында түзүлгөн атайын комиссияга өткөрүп беребиз. Алар өз кезегинде чечим чыгарып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында ал товарларды жок кылышат", - деди Тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттигинин бөлүм башчысы.
"Эгер кардар ал түрк фирмасынын атын да айта алса, ал фирманы да текшерүүгө алабыз. Бизге факт керек", - деп кошумчалады Алик Мурзалиев.