Ош шаарында Баатыр эне, Эне даңкы медалдары тапшырылды

Ош шаарында Баатыр эне, Эне даңкы орден-медалдары тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 49 энеге медалдар ыйгарылган. Алардын ичинен Баатыр эне орденин 39 эне алса, 10 энеге Эне даңкы медалы тапшырылды. Наамдарды тапшыруу салтанатына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышканы маалым болду.

"Ар бирибиз энелерди сыйлоого сүйүүгө, милдеттүүбүз. Энелер бизге өмүр, жашоо тартуулашты. Алар бизди тарбиялап, адам катарына кошушту. Биз сиздерге ыраазыбыз", - деди мэр.

Сыйланган энелердин ар бири 6дан көп уул-кыздарды багып-өстүрүшкөн. Ал эми Ош шаарында бүгүнкү күндө 800дөн ашуун Баатыр эне, 300дөн ашуун Эне даңкы медалы менен сыйланган энелер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jooshbala
2016-08-30 18:32:23
Ал медал бир нерсеге жарайбы анан?
+1
emir_muslima
2016-08-30 18:36:18
jooshbala,пенсияга кичине акча кошулат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан