Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 16 миллиард 939 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 465 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 281 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычта 12 миллиард 479 миллион метр кубдан ашуун суу бар болчу.