Ош шаардык ички иштер башкармалыгы: "Айдоочуларга айдоо этикасын үйрөтүшүбүз керек"

Бүгүн, 30-августта Оштогу окурман WhatsApp аркылуу жөө жүрүүчүлөр өтө турган жолдо токтотулган унаалардын сүрөттөрүн жиберген. Ага байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, Административдик кодекстин 205-беренесинин 1-пунктуна ылайык, ал жерге токтогондор 1000 сомдон айып төлөшөрүн билдирди аталган башкармалыктын басма сөз катчысы, милициянын подполковниги Замирбек Сыдыков.

"Айдоочулардын баары ал жерге токтоого болбойт экенин билген айдоочулар. Бул биринчи кезекте алардын айдоо этикасын сактабагандыгы, башкаларды сыйлабагандыгы. Ошол жерге токтогондор, Административдик кодекстин 205-беренесинин 1-пунктуна ылайык, 1000 сомдон айып төлөшөт. Алардын көбү боло берет деп, токтоочу жайда орун жок болуп калса, токтой беришет. Андай айдоочулардын ондогонуна, жүздөгөнүнө айыптар салынган. Ошого карабастан, айдоочулардын арасында дагы тартипке келүү болбой жатат. Бул багытта мектепте дагы иш-чараларды көбөйтүү керек. Учурда буга байланыштуу ар кандай социалдык роликтерди тартып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок азыркы абал бул иштер аздык кылып жатканын көрсөтүүдө. Демек, биринчи кезекте, аларга айдоо этикасын үйрөтүшүбүз керек, жазалоо менен мындай маселелерден кутулуу мүмкүн эмес экен. Айдоочу катары мага деле ошондой айдоочулардын жоруктары жакпайт. Эреже бузгандарга да эми түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз", - дейт милициянын подполковниги Замирбек Сыдыков.

Ал эми Масалиев кең көчөсүндөгү аялдамага туруп, жол тыгынын жараткан маршруттук таксилер тууралуу Замирбек Сыдыков төмөнкүлөргө токтолду:

"Маршруттук таксилер автобекеттен кетиши керек. Мурун шаардык соттун эски имаратынын жанынан алып кетишчү, ал жерден кетиргенбиз. Бул маселени териштиребиз, текшеребиз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Oylonkyrgyzym
2016-08-30 19:11:34
Биринчи ошол оздору жакшылап элге мамиле кылганды уйронсун, анан карапайым калк создорун угат.Айрыкча оштогулар такыр мамиле жасашты билбейт.
+2
Zanzibara
2016-08-30 21:02:20
Замир брат ордокту шумдук учуруптур. Эч кандай роликти көрбөй эле турабыз го? Же, тартып өздөрү эле тиктеп кабинетте олтурса эле)) Ошто көчөдөгү баш аламан жашоо мурда кандай болсо ошол эле бойдон, ар ким өз билген боткосун чалып жүрөт. Кара-Сууга, Өзгөндө, Бишкеке кеткендер мурдагыдай эле самсаалап көчөдөн эле адамдарды алышууда. Райондорго каттаган бусиктердин айдоочуларына эле кыйын болду. Жаңы унаа бекетке барган пенде жок. Жаңы унаа бекет аты эле болбосо тышын эле кичине маскировка кылып
0
Zanzibara
2016-08-30 21:10:20
Окшотуп койгон ичине кирип ортосунан эки жагын карасанар эсинер чыгат. Согушта талкаланган бойдон жатат. Базарга келген айылдыктар маршрутка менен тетири жакка барып кеткенден көрө ошол акчаны таксиге кошуп шаардын ичинен эле такси менен айыл айылына кетип калууда. Жаңы бекет анырайып эле бош жатат. Тартип жок мыйзам Ошто эч качан иштеген эмес жана мындан нары да иштеши өтө кыйын. Ар ким каалаган жерине токтойт мен эле болсом болду мен эле жашасам, мен эле өтүп кетсем деп жан талашкан шаардыктар
0
Nendi15
2016-08-30 22:56:14
Айдоочу күбөлүк алайын деп 2 жарым ай окудум экзаменге даярдандым бүгүн экзамен тапшыруу үчүн ГАИге бардым группада 20дан көп адам,"ким өзү тапшырат"- десем эч ким унчукпайт....мага бирөөң шерик болгула окуган эле нерселер да десем унчугушпайтго....ошончосунан жалгыз өзүм кирип экзамен тапшырганыма таң калып кирип чыктым....анан айдоочулук күбөлүктү ушинтип алгандан кийин токтоо тартибин,белгилерди,жол кыймылын каяктан билишсин???Айдаганды билсем эле болду белгилердин не кереги бар аны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан