Бүгүнкү майрамга карата өлкө аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда

Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгын майрамдоого байланыштуу өлкө аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

"Кечээ Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон жардыруудан кийин бүгүнкү майрамда коомдук тартипти сактоого дагы кошумча күчтөр тартылды. Жалпысынан бүгүн борбордук аянтта өтүүчү салтанатты 3 миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөмөкчү. Ал эми "Аккула" ат майданында өтүүчү улуттук ат оюндарын 1000ге чукул кызматкер көзөмөлгө алат. Ошондой эле коопсуздук чаралары Ош шаарында өтүүчү майрамдык салтанаттарда да каралган", - деди Сейитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muhsina
2016-08-31 11:06:01
Милицияларга деле жан кымбат байкуштар оздору да коркуп турушса керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан