Жогорку Кеӊештин депутаттары Москва шаарында өрт кырсыгынан курман болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, материалдык жардам берет

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-августта Москва шаарындагы өрт кырсыгынан курман болгон 14 кыз-келиндин үй-бүлөлөрү менен жолугушат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, материалдык жардам берүү үчүн төраганын орун басары Нурбек Алимбеков менен депутат Төрөбай Зулпукаров Ош облусуна, төраганын орун басары Алтынай Өмүрбекова Чүй облусунун Кемин районуна, депутат Данияр Аттокуров Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан 1 миллион сом бөлүнөрү чечилген.

Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 3 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Калган үчөө Орусиянын жарандары. Каза болгон 14 кыз-келиндин жансыз денелери учак менен Кыргыз жерине алынып келинип, 30-августта өз айылдарында жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
admiral
2016-08-31 09:50:10
Неге бир миллиондон эмес?
+3
ofiser26
2016-08-31 09:55:49
Эмнеге атайын фонд ачпайсынар. Эмнеге бир айлык маянанарды бербейсинер?
+3
papanstan
2016-08-31 10:05:29
Нурбек Алимбеков озумун Эле жердеш айылдаш акем экенсиз,Айтып коюнчу жогорудагы жеп жутарларга 1млн аз 17 уй булого,и Жана атайын фонд ачышсын.
+3
aibo_85
2016-08-31 10:55:16
Жалал-Абад облусунда 2 кыздан эчким кабар албайбы?
+2
Frunze74
2016-08-31 11:10:39
Жеп-жутарлар шайлоо алдында шыйпандап жетип барат кайда болсо да. Ал эми мындайда колокосун да таппайсын. Петиция жургон маркумдардын жакындарына 3,5 млн.дон болунсун деп, бул акчага маркумдардын бала-чакасына уй алып беришет жакындары. Баары биригип 49млн сом болот экен, б.а.кочмондор оюнуна сарпталчу акчанын кырктан бири (1/40). Жогорку Кенеш уялбай 1млн дейт.
0
badboy1111
2016-08-31 14:08:32
1,000,000 ошондо 17 ге болгондо 58,823 сомдон тиет экен. ай ХХХ уят эле башка мамлекеттердин алдында
0
admin_portal
2016-08-31 15:03:05
badboy1111, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан