Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара аяктады

11:10 Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара аяктады.

11:05 Майрамдык аскердик жүрүштү тик учактар улантууда. Тик учактар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун аянт үстүнөн желбирете алып учушту.

11:00 Борбордук аянтка ачык асманды коргогон Кыргыз Армиясынын күжүрмөн аскер техникасы кирип жатат. Аскер техникасынын жүрүшүн УАЗ автоунаалары баштап келе жатышат. Алардын артынан абадан коргоо техникалары, атайын багыттагы аскердик техника дагы аянтка чыкты. Бул топтун ичинде мотоаткычтардын Т-72 танкалары аянттан өтүүдө.

10:50 Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик топтору, Ички иштер министрлигинин өздүк курамы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары майрамдык жүрүштөн өтүп жатышат.

10:45 Президент кыргыз элин эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктады, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, аскердик жүрүш башталды.

10:10 Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинен рапортту кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат.

09:45 Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара башталды. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев майрамдык иш-чарага келип, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев тизилген аскердик топторду кыдырды. Өз кезегинде Райимберди Дүйшөнбиев президентке рапорт берди.

Бүгүн, 31-август күнү Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
arlekino
2016-08-31 11:07:42
25 эгемендуулук бул оной олтон дата эмес. Кыска ойлор мн айтылган ойлорго кошулбайм. 70 жыл коз каранды болуп жашап келгенбиз и так эле. Бизди карап турган ири мамлекеттер бар. 14 адамдын жаткан жери жайлуу болсун. Олгон адамдардын артынан калган бала бакырасына туугандарына ыйман сабырдуулук берсин. Ажал ар дайым жанында бутундун боосун такканча да келиши толук мумкун. А.А терен ойлонуп кылган иш аракети болуш керек.
-2
Revolyutsiya
2016-08-31 11:49:58
arlekino, Ошол 70 жылдан айланып-тегеренип жашасак болот. 25 жылда эл канча гана азаптарды корбоду... Эгемен болуп эмнени кыйраттык, Кен байлык, жер-суубузду башкаларга карматып элибиздин жарымы тентип кеткениби?
+3
bekhandar
2016-08-31 11:08:26
майрамдай бериш керек.
олгондун устунон комгон кылбай.
бийликти эле жамандайсынар эле жамандайсынар озунордун колунардан эчтеке келбейт кыйын болсонор озунор барып креслого отурбайсынарбы ушундай кыйынэкенсинер
-5
Revolyutsiya
2016-08-31 11:51:07
bekhandar, креслого чапталып жабышып алсанар супер клей же мамонт клей менен.....
0
arlekino
2016-08-31 11:09:14
Келечек балдарда биз азыр доор сургон мн келечекте балдардын ойлош керек.
+2
MIRAN
2016-08-31 11:14:06
Ислам Каримов ооруп жатса эгемендуулууту откррбой эле коюшат экен.Бизде баары бир болуп калыптыр.Уяты жоктор,адамдар сыздап отурса майрамдап олгуло.Коп ичип алып Каримовго окшоп реанимацияга тушуп журбогуло!
-1
Solanum
2016-08-31 11:25:00
Анда башка элдер Эмне журот ошол аянтта?!!! Аза кутуп уйдо майрамдабай отурсак,Атамбаев кимди куттуктап,кимге суйлойт эле
-3
Revolyutsiya
2016-08-31 11:51:58
Solanum, Арзыматтарына суйлойт да, башка ким угат эле Атамбаевди?!!...
+1
Nendi15
2016-08-31 11:25:30
Ары жоктор
+2
admin_portal
2016-08-31 11:33:32
Xanbiyken, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
-1
Revolyutsiya
2016-08-31 11:47:29
Озбектер Аксыдагы 4 жаранды оз жеринен кармап кетип жерибизге, элибизге чон чыгып отурса, 4 жаранды бошото албаган армиянын эмнесин мактап парад откорду экен?! Атамбаев намыстуу болсо параддагы аскер-техникаларын Аксыга айдатпайбы?... 4 жарандын оздорун, жанындагы, бала-чакасын ойлодунарбы алар кантип майрамдайт деп...
+3
Jannat_92
2016-08-31 11:47:40
Олгону олду тириктер кыймылдай беретта,14 адам олду деп эле аза кутуп олтура бериш керекпи.Ажал экен жайлары жаннаттан болсун.
+3
admin_portal
2016-08-31 12:02:11
Syper.kelin4ek, порталдын эрежелерин сактаңыз! Башка колдонуучуларды кемсинтип, мазактоого жол берилбейт! Жеке билдирүүлөр купуяга! Сизге 10 күн БАН!
+4
Aytur
2016-08-31 12:08:59
Ошол жерге топтолгон эл оозун ачып жалдырап тиктебей сурабайбы Ункур тоо эмне болот деп!!! Эл озу кайдыгер Калкына жараша Хан берем дейт бетме бет келген жерден сурабай анан кайдан сурайт!!!? Интернетте отуруп алып типа патриот болгонунарды койгулачы!
+8
Ajimanbetova.Kanikey
2016-08-31 13:24:03
Туштуктук туугандар да катуу майрамдашыптырго
0
blood
2016-08-31 13:39:57
Ajimanbetova.Kanikey, бизде деле ушундай копунуш
+2
admin_portal
2016-08-31 14:50:36
ayushka, жеке билдирүүлөр купуяга! Этика нормаларын сактаңыз!
+1
arlekino
2016-08-31 17:11:51
Чындык коп атка минээрледи чычалатты корунот.....откон чакты, ушул чакты жана дагы келээрки чакты дагы....бийлик деген эл эч качан эстен чыгарбаш керек...эл учун кызматкерлер булар жана дагы алар....
0
Izdeim_seni.
2016-08-31 17:48:47
Майрамдык маанай деле жок менде негндир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан