Ош шаарында 100 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ош шаарындагы Озгур айылында 100 орундуу “Семетей” балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

“Өлкөбүздүн келечеги болгон балдарыбыздын билимдүү жана таланттуу болуп өсүшүнө шарт түзүп берүү зарыл. Андыктан бала бакча, мектеп жетишсиз аймактарга биринчи көңүл буруу - биздин негизги милдет. Озгур айылында бала бакча муктаждыгы бар экенин көп жылдардан бери билебиз. Мына быйыл эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай Озгур айылынын тургундарына “Семетей” балдар бакчасын бардык шарттары менен куруп тапшырып жатабыз”, - деди Кадырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
-Sumitra-
2016-08-31 11:51:12
Ооо биздин садик))))
0
Мэри
2016-08-31 12:25:42
Сонун экен, кут болсун!
0
nazgul90
2016-08-31 13:40:44
Сонун екен кун болсун болот екенго иштесе.
0
Karysh
2016-08-31 14:54:39
Садикти гоо ачышты жолду да садике ткиргенде сонун болмок да 100 метр калганда кетип калышпай
0
sabyr86
2016-08-31 16:07:57
Деле ыраазы болбойсуңар го чиркин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан