АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги өлкө аймагындагы өз жарандарын сак болууга чакырды. Мындай чакырыкты өкүлчүлүк сайтында жайгаштырган.
"Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын консулдук бөлүмү өлкөдө жашаган же саякаттап жүргөн жарандарыбызга өлкөдөгү коопсуздук тармагындагы азыркы абал тууралуу билдиребиз:
Жардыруу Кытай элчилигинин жанында саат 9:40тарда болгон. АКШ элчилиги бардык америкалыктарга кошумча маалыматка ээ болгонубузча сак болууну сунуштайт. Жарандар жергиликтүү маалымат каражаттарындагы жаңылыктардан кабардар болуп, укук коргоо органдары тарабынан берилген коопсуздук боюнча көрсөтмөлөрдү аткаруу керек", - деп жазылган чакырыкта.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-августта Бишкек шаарындагы Кытай элчилигинин жанында жан кечти унаа менен жардыруу уюштурган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.