СУПЕРСТАН: "Кыргыз балдары Орусиянын ӨКМ кызматкерлери кирбей жаткан имаратка кирип, ондогон адамды аман алып калышты"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өрт учурунда өз жандарын аябай жардамга чуркаган балдарга "Баатыр" наамы берилиши керекпи?" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Москва шаарындагы басмаканада канчалаган адамдын өмүрүн алып кеткен өрт чыгып жатканда төрт кыргыз, бир орус улутундагы жигиттер өз жандарын ойлобой жардамга чуркашкан. Ондогон адамдардын өмүрүн аман алып калышты. Бул балдарга "Баатыр" деген наам берилиши керекпи?"

Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:

"Ондогон өмүрлөрдү тирүүлөй жалындан сууруп чыгышкан болсо, берилиши керек. Наам болбосо да сыйлык берүүсү керек го".

"Күбөлөрдүн айтымында, Орусиянын ӨКМ кызматкерлери кирбей жаткан имаратка кирип, канча адамды аман алып калышты. Өздөрү иске ууланып калгандыктан, кийинкилерди сактай албай калышыптыр деп айтылып жатат. Биздин мамлекет тарабынан ар бирине 50 миң сомдон акчалай каражат бөлүнүп берилди. Москванын метросундагы бир орус аялды аман алып калган Марат Исаевге Орусия тарабынан да, Кыргыз мамлекети да кандай гана сыйлыктарды беришти эле. Бул жигиттер андайга татыктуу эмеспи?"

"Аты-жөндөрүн айтып сыйлык тапшырса жетиштүү болсо керек".

"Баатыр дебей эле, жөн эле сыйлык берип койсо болот. Алар баатыр болгудай мамлекетти эмес, жеке адамды коргоду. Алардан башка баатырларыбыз көбөйүп батпай жатат".

"Жөн эле сыйлык тапшырса жарашат, болбосо кыргыздын баары эле баатыр болгону калды".

"Ал нерсе ошол жерде турган ар бир эркектин кыла турган иши. Аттарын атап, рахмат айтса жетиштүү. Сооп үчүн өздөрүнө пайда".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lolo.1
2016-08-31 19:39:10
Ушунча баатыр бар болот ошолор.сыйлап коюшса сонун болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан