Урматтуу мекендештер! SUPER.KG порталынын жалпы жамааты сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүктү алганынын 25 жылдыгы менен куттуктайт. Эчендеген тарыхты басып өтүп, бирде өрт, бирде суу кечип, ушул күндөрдү алып берген биздин бабаларыбызга терең таазим этебиз. Ошондой эле жалпы кыргыз элин ата-бабаларыбыз азап менен алып берген эгемендүүлүккө татыктуу болууга, өз мекенин сүйүүгө, урматтоого жана патриоттуулукка чакырмакчыбыз. Асманыңыздар ар дайым ачык болсун. Элде-жерде токчулук, ырыскы, тынчтык, ынтымак болуп, асманыбызда эркиндиктин желеги желбиреп турсун. Кыргыз элинин бизден кийинки муундары, урпактары ушул Эгемендүүлүк күнүбүздү бүгүнкүдөй дагы эчендеген кылымдар бою өнүккөн өлкө катары майрамдоосуна тилектешпиз.
1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезексиз сессия чакырып, мамлекеттин көз карандысыздыгы тууралуу декларациянын негизинде токтом кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяланган.