Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине кирүү билеттери сатылып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
"Аземдин ачылыш салтанатына карата билеттер толугу менен сатылып бүттү. Эми жабылуу аземине карата билеттер сатыла баштайт. Көрүүчүлөр билеттерди байланыш бөлүмдөрүнөн сатып алышса болот", - деп билдирди басма сөз катчылыгы.
Белгилүү болгондой, ачылыш аземине билеттер орундукка жараша 300 сомдон 3800 сомго чейинки баага сатылган.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.