SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Басмаканадагы өрттөн аман калгандар" деген аталыштагы видео жүктөлдү (Ник: Pitbull_l).
27-августта Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрт 17 адамдын өмүрүн алган. Алардын 14ү кыргыздар экени аныкталып, өлкөбүздү кайгыга салган. Кезектеги видеодо кырсыктан аман калган Калбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек кырсык кантип башталганын, тилсиз жоодон кантип аман калышканы тууралуу айтып беришет. Уларбектин айтымында, басмаканада 100гө чукул кыргыз иштеген. Өрт кыска убакта күч алып, имараттагы кээ бир адамдарды сактап калууга мүмкүн болбой калган.
"Болгон окуя дагы деле көз алдымда турат, ойлонуп уктай албай жатам", - дейт Уларбек.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.