Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова өзүнүн Instagram баракчасына өлкөнүн 1-Сентябрь - Эгемендүүлүк күнү менен тургундарды куттуктап, алардын эмгекчилдигин жана боорукердигин баса белгилеген.
Ошондой эле ал атасына эртерээк айыгууну каалап, буга жакшы каалоо-тилектердин күчү жардамдашып жатканын жазып, колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирген.
Эскерте кетсек, 28-августта Ислам Каримов ооруканага жаткырылып, бийлик өкүлдөрү анын абалы туруктуу экенин билдиришкен.