Бүгүн, 31-августта америкалык актёр Ричард Гир 67 жашка толду. Ал АКШдагы Пенсильвания штатына караштуу Филадельфия шаарында туулган. Актёрго ийгилик алып келип, популярдуулукка жеткизген "Америкалык жиголо" (1980-жыл) тасмасындагы ролу болгон. Андан сырткары актёр "Двойной агент", "Бруклинские полицейские", "Хатико: Самый верный друг", "Давайте потанцуем", "Сбежавшая невеста", "Красотка" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан. Ричард Гир 2003-жылы “Алтын глобус” сыйлыгына татыган.
2007-жылы Индия өлкөсүнүн жергиликтүү соту Гирди индиялык актриса Шилпа Шетти өөп койгону үчүн сотко берген. Себеби актёрдун бул кылыгы Индиянын элинин маданиятын шылдыӊдоо деп эсептелген. Актёрдун кечирим сурап сотко жазган арызы кайра кайтарылган. Непалга болгон саякаты учурунда буддист болгон. Ал мыкты актёр гана эмес, композитор жана пианист дагы.
Актёр 1991-жылы модель Синди Кроуфордго үйлөнгөн. 4 жыл жашаган соӊ түгөйлөр ажырашып кетишет. Кийин ал актриса Кэри Лоуэлл менен сүйүү мамилелерин курган. 2000-жылы 50 жаштагы Ричард Гирдин тун наристеси Гомер Жеймс Жигме Гир туулган.
31-августтун жылнаамасы.