Жалал-Абад ОИИБи: "Токтогул сейил багында уруш чыгаргандар учурда шаардык Ички иштер бөлүмүндө"

Бүгүн, 31-августта "Жалал-Абаддагы Токтогул сейил багында милиция кызматкерлери тургунду сабап жатышат" деген маалыматты окурман SUPER.KG порталына жиберген.

Бул окуя тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы, ага тескөөчү Мыктыбек Турдубековго байланышка чыкканыбызда, милиция кызматкерлери тургунду сабашпаганын айтты.

"Бүгүн майрамда коомдук жайларда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, эки жарандын ортосунда түшүнбөстүк жаралып, уруш чыккан. Ошол аймактагы милиция кызматкерлери урушуп жаткандарды ажыратышкан. Бирок алар коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жооп берүүдөн баш тартып, каршылык көрсөтүшкөн. Милиция кызматкерлери кошумча күч чакырууга мажбур болушкан. Уруш чыгаргандар Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын жана Жалал-Абад шаарынын тургундары экени аныкталды. Алар учурда Жалал-Абад ШИИБинде. Жарандардын үстүнөн жана окуя боюнча тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Турдубеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
yrchy_jigit
2016-08-31 21:18:55
Ооба,урдук демек беле?Куноону тонкорушуп коюшат да.
+3
DNurgiza
2016-08-31 21:33:47
чындап эле мушташып кетишиптир, күбөлөр бар экен го....милицияда деле норм.адамдар иштешет ко дейм.
+2
Arlenchik
2016-08-31 23:29:33
Куноолору бар учун ошонтип алып кетишти да,болбосо алар деле копчулук астында антип сабабай калышсын,туура кылышат андай бейбаштарга.
0
basyz-kaman
2016-09-01 02:47:55
Илгеркидей милиция көчөдөн көрүнгөндү сабаган учур өтүп кеткен. Азыр милиция жөндөн жөн эле эч кимди сабабайт.
0
ainur78007
2016-09-01 05:52:45
Куноосу болсо алып кетет да.Жон эле сейилдеп жургон адамды баса калмак беле милициялар.
0
admin_superstan
2016-09-01 10:57:20
Sagy, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан