Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөөнүн ордуна экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөн сөзү коомчулук тарабынан катуу сынга алынды. Мындан соң интернеттеги колдонуучулар ал тууралуу ар түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Сындаган активдүү колдонуучулар президент тарабынан кысымга алына тургандыгын кыйытып, “Заноза” басылмасынын башкы редактору Дина Маслова социалдык тармактардын бириндеги өз баракчасына жазып чыкты.
“Ахтунг! Мына баарыңар бүгүн бул жакта президент тууралуу начар пикирлерди жазып отурасыңар. Ал болсо элдин баары менин жалындаган сөзүмө суктанышат деп ойлоптур. Президенттик аппараттан же ал өзү социалдык тармактарга кирген өңдүү. Эми ал абдан ачуулуу. Бир аз убак мурун мага белгилүү болгондой, ИИМдин 10-Башкармалыгына социалдык тармактардагы активдүү сынчылардын IP-даректерин табуу, ал эми президенттин соцтармактагы тарапташтарына сындап жазган колдонуучулардын баракчаларына арыздануу тапшырмасы берилиптир. Мен аларга “эми "Боржоми" ичкенге кеч” же “бирөөнүн башындагы чөп” жөнүндө накыл сөздөр туура экенин айткым келет. Эми бүгүнкү сөзүнүн кесепети менен күрөшүүнүн кереги жок. Мен Өзбекстандын бир жерине түшүп калгансып, таң калып жатам”, - деп жазган Д.Маслова.