Мина, Арафат өрөөндөрүндө зыяратчылар үчүн түзүлө турган шарттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү

Муфтий Максатбек Токтомушев ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү менен жолугушуп, зыяратчылар үчүн түзүлө турган шарттар боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда муфтияттан билдиришти.

"Муфтий жолугушууда 2016-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Ажылык министрлигине, Кыргыз Республикасынан барган зыяратчыларды тосуп алып, көрсөтүлүп жаткан бардык кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Мина, Арафат өрөөндөрүндө ажылыкка баргандар үчүн түзүлө турган шарттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, Арабиянын Ажылык министрлигинин координациялык тобунун жетекчилери зыяратчыларга жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришип, алар үчүн түзүлүп жаткан шарттар мындан дагы жакшырарын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан