Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Ак үйдүн алдында эки митинг өтүүдө. Биринчи топ - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевден мандатын тапшырууну талап кылышууда. Бул топ "Мыйзам боюнча, мамлекеттик кызматкер Дастан Бекешев коомдун ишине кийлигишүүгө укугу жок", "Дастан Бекешев майыптарды экиге бөлүп уруштуруп жатат", "Майыптарды кордогон Дастан Бекешев мандатын тапшырсын!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турат.
Экинчи топ - Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына каршы чыккан Бишкектин тургундары. Алардын айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, бийлик жарандардын жер тилкелерин мажбурлап алууга укуктуу болот.
Жалпысынан Ак үй алдында 50 чакты адам турат.