Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатынын 82 жаштагы Рене Нейра аттуу тургуну өзүнүн 18 жаштагы небереси Мелани Салазар окуган колледжге тапшырды. Анын бул кадамы массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кызыктуу талкуулардын жаралуусуна түрткү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 31-августта жазып чыгышты.
Мелани Twitter`деги жеке баракчасындагы колдонуучуларына чоң атасы небереси окуган колледжде билим алып баштаарын айткан. Чоң атасынын жашы бир топко барып калганына карабай билим алууга умтулуусу ага дем берип, жаңы ийгиликтерге жетүүгө шыктандырарын кошумчалаган. "Жаңы окуу жылын чоң атам экөөбүз баштайбыз. Аны менен ушунчалык сыймыктанам!" деген Меланинин билдирүүсү миңдеген "жакты" белгисине жана билдирүүлөргө толгон.
Маалыматтарга караганда, окуу жайда небереси эркин искусствону изилдесе, 82 жаштагы Нейра экономика илимдери боюнча билим алат. Колледждеги окуу аяктаган соң Нейра Техас университетине тапшырууну пландоодо.